Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Коштоп кеткендер

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россияга КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

– министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;

-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Эскерте кетсек, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Лукашенко Путинди туулган күнү менен куттуктады

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Россия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында Лукашенко Белоруссияда Россия президентинин туруктуу жана бекем позициясын, эки өлкөнүн өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө болгон принципиалдуу мамилесин жогору баалашарын белгиледи. Буга чейин Владимир Путинди Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов куттуктаган. 7-октябрда Владимир Путин 72 жашка толду. Россия […]

Сизге жагышы мүмкүн