Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге келди

Автор

Президент Садыр Жапаров Бельгиянын Брюссель шаарына иш сапары менен келди.
Президент Садыр Жапаровду Европа тышкы аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девинье тосуп алды.
Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу болот, ошондой эле эки тараптуу биргелешкен документтерге кол коюлат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик ипотекалык компания 12 объект курууда

Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөдө 12 объект куруп жатат. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыл соңуна чейин 10 миңден ашуун батир эксплуатацияга берилет. Ипотекалык батирдин чарчы метри 550-650 доллардын тегерегинде болот. Бүгүнкү күндө жеңилдетилген шартта үй алуу үчүн 28 миңдей адам кезекте турат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн