Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга расмий сапары менен барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 2-4-октябрь күндөрү Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“3-октябрда КР Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла, Италия Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Джорджей Мелони, Италия Республикасынын Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Республикасынын Сенатынын Төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган”.
Маалыматка ылайык, Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.
“2024-жылдын 4-октябрында КР Президенти Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Көз эмнеге кызарат? Себептери

Көздүн кызаруусу ар кандай себептерден улам келип чыгышы мүмкүн. Айрыкча чарчоо жана кургакчылыктан баштап, аллергия же инфекцияга чейин болуп калат. Бул жерде сиз жасай турган кээ бир кадамдар: 1. Көзүңүзгө эс алуу бериңиз: Эгерде кызаруу чарчоо же экранды ашыкча колдонуудан улам пайда болсо, тыныгуу алыңыз. Бир нече мүнөткө көзүңүздү жумуп […]

Сизге жагышы мүмкүн