Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Ленинград облусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда.

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Армениянын төрагалыгынын жылындагы ЕАЭБдин ишинин жыйынтыктарын чыгарышат, Бирликтин ишинин актуалдуу маселелерин карашат, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашат.

ЖЕЭКтин чакан курамдагы жыйыны башталаар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Андан кийин отурум ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери сөз сүйлөп, делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылат.

Анда бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда, анын ичинде ЕАЭБдин бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жана үчүнчү тарап (үчүнчү тараптар) жөнүндө Макулдашууга жана Бирлик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол коюлат.

Бөлүшүү:
Next Post

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Молдогазиев Айбек Бейшеевич Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Молдогазиев буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп келген Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн