Садыр Жапаров жаңы Ак үйгө биргеликте ат коюуга чакырды

Автор

Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жапаров элден имаратка биргеликте  ат коюуга чакырып, төмөндөгүлөрдү белгилеген.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Ага ат коюшубуз керек болуп жатат. Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо», «Ынтымак Ордо» деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер»,-деди Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Мэнни Пакьяо Олимпиадага катышууга расмий өтүнүчүн берди

Филиппиндик бокс легендасы  жана алты дивизион боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Мэнни Пакьяо (62-8-2, 39 КО) спорттогу көрүнүктүү карьерасын аяктоо планын чечти. Буга чейин Мэнни 2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына бокс боюнча мелдешке катышууну ойлонуп жатканы белгилүү болгон. Жаш курагы боюнча чектөөлөр аны Азиядагы континенталдык тандоо оюндарына барбай […]

Сизге жагышы мүмкүн