Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин куттуктады

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:
«Кыргыз авиация тармагынын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Өлкөнүн өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган авиация тармагы экономикалык, маданий жана социалдык жактан маанилүү ролду ойнойт. Кыргызстандын тоолуу жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алганыбызда жарандык авиация өлкөбүздүн ички аймактары жана башка мамлекеттер менен карым-катнаш жүргүзүүдө өтө маанилүү тармак экени маалым.
Мына ушундай маанилүү тармактын кызматкерлери кыргыз авиациясынын эл аралык коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп бериши үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап келишти. Ушул жылдын август айында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча аудитинен ийгиликтүү өткөндүгү кубанычтуу кабар болду. Бул Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет деген сөз.
Ошону менен катар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен «Кербен», «Каракол», «Талас», «Нарын» жана «Казарман» аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда.
Мындан тышкары, жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат.
Соңку жылдары жаңы багыттар ачылып, Кувейт, Түштүк Корея, Азербайджан, Сауд Аравиясы менен аба каттамдары жолго коюлду. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы барган сайын артып барат. Бул дагы өлкөбүздүн эл аралык кызматташтыгын бекемдөөнүн үстүндө иштер кызуу жүрүп жаткандыгын күбөлөйт. Ушу тапта «Манас» эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкендигин сыймыктануу менен белгилейм. Эгер 2019-жылы «Манас» эл аралык аэропортунун таза кирешеси 2 млрд 108 млн сомду түзсө, 2023-жылы таза кирешеси 6 млрд. сомго жетип, өсүү темпи 52 % түздү.
Өлкөнүн авиация тармагындагы мындай ийгиликтүү кадамдар бара-бара элибиздин бакубат турмушу үчүн мындан да ыңгайлуу шарттарды түзөт деп бекем ишенем.
Урматтуу мекендештер, жогоруда тизмектелген жетишкендиктер – кыргыз авиациясынын 90 жылдан ашуун мезгилди камтыган тарыхында сыймыктануу менен белгилей турган чоң ийгиликтер. Мына ошондуктан, ар күнү өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн жан үрөгөн жарандык авиациянын кызматкерлери менен ардагерлерине ыраазычылыгымды билдирем.
Урматтуу авиаторлор!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.
Авиация тармагы мындан да өнүгүп, эл-журтубузга эле эмес, өлкөбүздүн меймандарынын коопсуз, ыңгайлуу учуп-конууларын камсыз кылып, өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө беришиңиздерге тилектешмин.
Элибиздин аба мейкиндиги аркылуу карым-катнашын камсыз кылууга багытталган жоопкерчиликтүү ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!
Асманыңыздар ачык болсун!»

Бөлүшүү:
Next Post

Telegram Ютубга окшош платформа түзөт

Telegram өзүнүн мессенджеринде Ютубга окшош платформа түзөт. Бул тууралуу «Telegram Contests» каналында кабарланды. Компания iOS иштеп чыгуучулары үчүн видеохостинг түзүү боюнча сынак жарыялады. Ал 25-октябрга чейин уланат. Сынактын жыйынтыгы ноябрда чыгарылат. Байге фонду 50 миң долларды түзөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн