Садыр Жапаров «Дуслык» ордени менен сыйланды

Автор

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында «Дуслык» ордени менен сыйланды.
Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Садыр Жапаровго Татарстан Республикасынын эл аралык аброюн, Татарстан Республикасы менен чет мамлекеттердин, Россия Федерациясынын башка субъекттеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн, Татарстан Республикасынын гүлдөп-өсүшүн өбөлгөлөгөн экономикалык, соода, илимий-техникалык, социалдык, маданий байланыштарды жана өндүрүш дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, натыйжалуу инвестициялык, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн «Дуслык» орденин ыйгарды.
Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирип, «Дуслык» орденин Кыргыз Республикасына болгон жогорку урматтын белгиси катары баалай турганын белгиледи. «Бул жогорку сыйлык Кыргызстан, Татарстан жана Россия Федерациясынын ортосундагы бузулбас достуктун дагы бир символу болуп калсын», — деди Садыр Жапаров.

«Дуслык» ордени – Татарстан Республикасынын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.

Бөлүшүү:
Next Post

Еврокомиссия TikTok боюнча иликтөө баштады

TikTok социалдык тармагы санариптик кызмат көрсөтүүлөр мыйзамын бузуулар боюнча текшерилет. Атап айтканда, балдар зыяндуу мазмундан канчалык корголгон жана жарнама канчалык ачык экени аныкталат. Белгилей кетсек, Евроаймактагы социалдык тармактар боюнча мыйзам долбоору 17-февралда күчүнө кирген. Документ ири платформаларды коопсуз онлайн чөйрөсүн түзүү үчүн мазмунду жөнгө салууга милдеттендирет. Ал буга чейин Google, […]

Сизге жагышы мүмкүн