Садыр Жапаров Дональд Трампты куттуктады

Автор

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Улуу Мартабалуу, Сизди Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланышыӊыз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин лидерлик тажрыйбаӊыз жана терең билимиӊиз Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара урматтоо принциптерине негизделген ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем. Биздин элдерибиздин байгерчилиги жана келечеги үчүн биргелешкен ишибиз менен алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишеним артам.
Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз тарабымдан бардык күч-аракетимди жумшай турганымды билдирем.
Сизге бекем ден соолук, мамлекеттик ишиңизге албан ийгиликтерди, ал эми Америка Кошмо Штаттарынын элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”, — деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Виктор Орбанга “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденин” тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Венгрия Республикасынын премьер-министри Виктор Орбанга “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденин” тапшырды. Сыйлык Виктор Орбанга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочулардын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө, ошондой эле эл аралык аренада Түрк мамлекеттер уюмунун кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзгөн өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылды. Тапшыруу аземинде Садыр Жапаров […]

Сизге жагышы мүмкүн