Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Венгрия Республикасынын премьер-министри Виктор Орбанга “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденин” тапшырды.
Сыйлык Виктор Орбанга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочулардын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө, ошондой эле эл аралык аренада Түрк мамлекеттер уюмунун кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө түзгөн өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылды.
Тапшыруу аземинде Садыр Жапаров Венгрия Түрк мамлекеттер уюмунда өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммити өттү.
“Ынтымак Ордодогу” жыйынга ТМУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты.