Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна барат

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мамлекет башчысы Талас шаарынын аэропортунун жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров «Бала-Саруу» ГЭСинин ачылышына катышат. Анын расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Иранда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун датасы белгилүү болду

Ирандын шайлоо штабынын басма сөз катчысы Мохсен Эсламинин айтымында, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 28-июнда өтүшү керек. «28-июнь он төртүнчү президенттик шайлоо күнү деп эсептесе болот. Конституцияны сактоо кеңеши талапкерлерди каттоону 28-майда баштоону сунуштады»,-деди Эслами. Ирандын президенти Ибрагим Раиси авиакырсыктан каза болгон. Бортунда ал, тышкы иштер министри жана башка расмий адамдар […]

Сизге жагышы мүмкүн