Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сөз сүйлөдү

Автор

Президент Садыр Жапаров Американын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:
“Урматтуу башкы катчы,
Урматтуу төрага,
Урматтуу делегация башчылары,
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
Африка мамлекеттерин жана урматтуу Филемон Янгды БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасы болуп шайланышы менен куттуктайм.
Сизге бул жоопкерчиликтүү кызматта ийгиликтерди каалайм жана Кыргызстан сиздин төрагалыгыңызга тынчтык менен туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында толук колдоо көрсөтө турганына ишендирип кете алам.
Ошондой эле урматтуу Дэннис Фрэнсиске 78-сессиядагы активдүү иши үчүн ыраазычылык билдирем.
Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык укукка, БУУнун Уставынын принциптерине жана жоболоруна берилгендигибизди тастыктайм жана Уюмдун эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу, глобалдык социалдык, экономикалык жана климаттык чакырыктарды чечүү, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча аракеттерин толук колдойбуз.
Заманбап глобалдык көйгөйлөр, анын ичинде климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугуна болгон коркунуч жана өсүп жаткан теңсиздик эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттерин талап кылат.
Бул турбуленттүү мезгилде мен бардык мамлекеттерди Бириккен Улуттар Уюмунун негизги миссиясын – тынчтыкты камсыз кылуу жана учурдагы тобокелчиликтер менен коркунучтардын алдын алуу ишин улантууга чакырам. Азыр бул колдоо өтө маанилүү.
Мен Генералдык катчы мырза Антониу Гутерриштин жетекчилиги жана мамлекеттердин активдүү колдоосу менен биздин Уюм өзүнүн милдеттерин натыйжалуу аткарып, мамлекеттерге глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берет деп үмүттөнөм.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
Биз жылдан жылга туруксуз жана татаал болуп бараткан дүйнөдө жашап жатабыз. Алдыбызда мурун болуп көрбөгөндөй чакырыктар турат: глобалдык климаттык катастрофа, континенттерди бөлгөн экономикалык теңсиздик жана, албетте, элдердин келечекке болгон тынчтык үмүтүн жок кылган кагылышуулар. Ушул учурда биз дүйнөдөгү куралдуу чыгымдардын жыл сайын өсүп жатканын көрүп турабыз, ошол эле учурда жакыр жана аялуу мамлекеттер өздөрүнүн өнүгүүсүнө жана жашоо шартын жакшыртууга жетишпей жатышат.Мен биздин доордун эки карама-каршы чындыгына көңүлүңүздөрдү бургум келет.
Биринчи чындык – бул куралдуу керектөөлөргө болгон чексиз чыгымдар.
Стокгольмдогу Эл аралык тынчтык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнөлүк куралдуу чыгымдар 6,8% өсүп, рекорддук 2,5 триллион долларга жеткен, же глобалдык Ички дүң өндүрүшүнүн 2,3% түзөт.Бул акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку сумма.
Алдыңкы державалар ири каражаттарды куралдуу күчтөрдү түзүүгө жана өнүктүрүүгө, арсеналдарды кеңейтүүгө жана жаңы, кыйратуучу куралдардын түрлөрүн иштеп чыгууга жумшап жатышат.Тилекке каршы, бул көптөгөн мамлекеттер жана элдер негизги кызматтарга – суу, медициналык жардам жана билимге жеткиликтүүлүктү ала албай жаткан дүйнөдө болуп жатат.
Биз согушка, кыйроого жана өлтүрүлүүлөргө кетип жаткан акчаларды жаратууга же бүткүл адамзат үчүн глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, мамлекеттерге климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө, глобалдык миграциянын алдын алууга жардам берүү үчүн колдонсок жакшы болмок.
Аскердик чыгымдар жана куралдуу чыр-чатактар көптөгөн мамлекеттерге кыйратуучу таасирин тийгизип, жакырчылыкты жана теңсиздикти ого бетер күчөтүп жатат.
Чыр-чатактар жана куралдуу кагылышуулар инфраструктуранын кыйрашына, элдин жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө жана массалык миграцияга алып келди, жакырчылык жана туруксуздуктун татаал айлампасын жаратты.
Бир катар мамлекеттер курал-жаракка бюджеттерин көбөйтүп жаткан учурда, жардамга муктаж болгон көптөгөн мамлекеттер кадимки жашоого мүмкүнчүлүктөн ажырап жатышат.
Экинчи чындык – бул жакыр жана аялуу мамлекеттерге жардам берүүдө прогресстин жоктугу.
Биз баарыбыз билебиз, экономикалык теңсиздик өсүүдө.
Дүйнө лидерлери ондогон жылдар бою жакырчылыкты жоюу зарылдыгы жөнүндө айтып келишет, бирок бул үчүн өздөрүндө жетиштүү эрк болбой жатат.
Африка, Түштүк Азия жана Латын Америкасынын мамлекеттери дале өнүгүүгө керектүү каржылоо тартыштыгына, эл аралык коомчулуктун колдоосунун жоктугуна жана экономикалык системалык кризистерге туш болушууда, бул проблемаларды өз алдынча мамлекеттер чече алышпайт.
Эң төмөнкү экономикалык деңгээлде турган өлкөлөр саламаттыкты сактоо, билим берүү, инфраструктура жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө инвестицияларга муктаж.Курал-жаракка кеткен чыгымдардын ылдам өсүшүнүн фонунда бул мамлекеттерге жардам жетишсиз бойдон калууда. Гуманитардык жардам көрсөтүү жана өнүгүүгө көмөктөшүү программалары көп учурда каржылык тартыштыкка туш болуп турганда бул ресурстар курал-жарак сатып алуу жана аскердик операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууда.
Мамлекеттер арасындагы теңсиздик азайбастан, күчөп жатат.
Дүйнө алдында маанилүү 2 тандоо турат.
Биз коопсуздукту куралдуу күчтөр аркылуу курал-жаракты көбөйтүүнү тандап алабыз же жакырчылыкты жоюуга жана эң аялуу болгон адамдарды колдоого багытталган туруктуу өнүгүүнү тандап алабыз.

Аскердик чыгымдарга жумшалган ресурстар таза сууга жетүү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү балдардын билими, ачарчылыкка каршы күрөш же климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү программаларына жумшасак чоң салым болмок.
Бул багытта прогресске жетишүү үчүн, бай жана муктаж болгон мамлекеттердин биргелешкен аракеттери зарыл.
Биринчиден, өнүккөн мамлекеттер муктаж өлкөлөргө финансылык жардамды көбөйтүп гана тим болбостон, аны максаттуу жана инфраструктуралык долбоорлор менен социалдык өнүгүүгө багытташы керек.
Экинчиден, муктаж өлкөлөр туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык демилгелерге активдүү катышып, берилген ресурстарды туш келди чачпай, натыйжалуу пайдалануу боюнча милдеттемелерди өз мойнуна алышы керек.
Үчүнчүдөн, заманбап технологияларды бай өлкөлөрдөн муктаждар өлкөлөргө өткөрүү маанилүү. Бул муктаж өлкөлөрдүн экономикасын өз алдынча өнүктүрүүгө жана тышкы жардамга көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө геосаясий чыр-чатактар коргонуу чыгымдарын көбөйтүүнү талап кылбастан, аларды чечүү үчүн эл аралык кызматташтык дагы маанилүү болуп жатканын байкоодобуз.Эгерде дүйнөлүк коомчулук ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүү, аялуу мамлекеттерге жардам берүү жана куралдуу кагылышуулардын себептерин жоюу үчүн күчтөрүн бириктире алса, анда биз коопсуз жана гүлдөгөн дүйнөнү түзө алабыз.Эгерде биз согушка эмес, адамдарга инвестиция жасай баштасак, курал-жаракка эмес, билимге, медицинага жана туруктуу өнүгүүгө каражат салсак, гүлдөгөн дүйнөнү сөзсүз түзө алабыз.
Глобалдык коопсуздуктун приоритеттерин кайрадан карап чыгуунун мезгили келди. Коопсуздук – бул күчтүү армиялардын жана массалык кыргын куралдарынын болушу гана эмес.
Чыныгы коопсуздук элдердин ишеними, теңчилиги жана гүлдөп өсүүсү аркылуу жетишилет.
Муктаж өлкөлөрдүн келечегине инвестиция салып, аларга жакырчылыкка каршы күрөшүүгө жардам берип, туруктуу өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзсөк, биз туруктуу жана коопсуз дүйнөнү кура алабыз.
Бул контекстте мен Глобалдык Түштүктүн туруктуу өнүгүүсүнө жана, биринчи кезекте, “эң өнүкпөгөн өлкөлөрдүн”, “деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн” жана “өнүгүп келе жаткан чакан арал мамлекеттеринин” кызыкчылыктарын коргоого эл аралык коомчулуктун көбүрөөк көңүл бурушун маанилүү жана адилеттүү деп эсептейм.Урматтуу кесиптештер,
Биздин планетанын жашоосуна коркунуч келтирген эң кооптуу чакырыктардын бири болуп климаттын өзгөрүшү саналат, ал күн сайын тездеп, дээрлик бардык өлкөлөрдү жана элдерди камтып келе жатат.
Мөңгүлөрдүн тез эриши, табигый катаклизмдердин көбөйүшү жана тоолуу экосистемалардагы суу ресурстарынын азайышы терең тынчсызданууну жаратууда. Бул терс кесепеттер жергиликтүү жамааттардын жашоосуна коркунуч туудурат, жакырчылыктын деңгээлинин жогорулашына, инфраструктуранын абалынын начарлашына жана өлкөлөрдүн экономикасына олуттуу зыян келтирет.
Кыргызстан үч эсе чакырык алдында турат – бул өнүгүүгө инвестиция салуу, жакырчылыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо муктаждыгы менен көмүртек нейтралдуулугуна жетүү.
Бул багыттардын ар бири биздин өлкө жана аялуу жамааттар үчүн климаттык туруктуулукту камсыз кылуу контекстинде өзгөчө каржылоону талап кылат.
Биз өнөктөштөрүбүз менен биргеликте иш алып барып, ийгиликке жетүүгө бекем ниеттенип жатабыз.
Кыргызстан “жашыл экономикага” карыз алмашуу механизмин күчөтүп жана бардык жерде жайылтууну сунуштайт. Бул аркылуу өнүгүп келе жаткан жана азыраак өнүккөн өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө жардам болот деп эсептейбиз.
Кыргызстан БУУнун Генералдык катчысынын эл аралык финансылык архитектураны реформалоо жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз жүгүн азайтуу зарылдыгы боюнча позициясын колдойт.
Ошондой эле биз тышкы карызды климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна алмаштыруу механизмин сунуштап, тоолуу аймактардагы экологиялык долбоорлорду каржылай турган Климаттык Трасттык Фонд түзүү боюнча иш алып баруудабыз.Кыргыз Республикасы өзүнүн улуттук саясатын ишке ашырууда климаттык маселелерге өзгөчө көңүл бурат жана жашыл өнүгүү принциптерине негизденип, 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү үчүн амбициялуу максатын алдыга койгонбуз.Энергиябыздын 95%дан ашыгы негизинен гидроэлектростанциялар аркылуу өндүрүлөт, алар нөлдүк эмиссия максатына жетүү жолундагы негизги кыймылдаткыч болуп саналат.
Биздин өлкөбүз экономикабыздын ар кандай тармактарында кайра жаралуучу энергия булактарын интеграциялоо, электр унаа инфраструктурасын өнүктүрүү, туруктуу айыл чарбасы жана экотуризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Биз электромобилдерди колдонууну стимулдаштыруу жана имараттардын энергия натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча активдүү чараларды көрүп жатабыз.биздин “жашыл” келечекти куруу аракетибиздин бир эле мисалын келтиргим келет.

“Неом” (Аравия), “Масдар-Сити” (Эмираттар), “Вестерн-Харбор” (Швеция), “Солнечная долина” (Кытай) сыяктуу туруктуу өнүгүүгө багытталган “акылдуу шаар” долбоорлору ишке ашырылып, ийгиликтүү өнүгүүдө.Бул өлкөлөрдүн элинин кыялдары ишке ашып, бизге да үлгү болду.Биз быйыл Иссык-Көлдүн жээгинде заманбап жана инновациялык “Асман” шаарын курууну баштадык.Келээрки жылы Кемин шаарын куруп баштайбыз.

Биз “жашыл” шаарларды курууга умтулабыз, алар биздин өлкөнүн башка аймактарына үлгү болуп, келечек муундар үчүн таза жаратылышты сактоого көмөктөшөт, жана ошондой эле, менин ишенимим күч, аталган шаар экономикалык, соода, маданий-туристтик хаб болуп, инновациялар жана жаңы технологиялардын борбору болот.

Борбордук Азия глобалдык коопсуздук жана дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү регионго айланууда.Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен биргеликте региондун туруктуу өнүгүүсү боюнча ишин улантууда. Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте биз Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатабыз, бул станция региондун энергия жана суу боюнча муктаждыктарын камсыз кылат.
Ошондой эле, биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга катышып жатабыз. Бул соода жана транспорттук кызматташууну күчөтүп, континенттин Чыгышын жана Батышын байланыштырат.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
Дүйнөбүздүн келечеги биз тандаган жолдон көз каранды.
Биз курал-жаракка чыгымдарды көбөйтүүнү улантып, кагылышуулар менен алааматтардын курчушуна жол бербешибиз керек, бардыгы үчүн адилеттүү, коопсуз жана гүлдөгөн дүйнөнү курууга күч-аракетибизди багыттообуз зарыл.
Бүгүнкү тандаган жолубуз эртеңки күндү, келечек муундар үчүн кандай болорун аныктайт.
Барыбыз эл аралык чыңалууну жеңилдетүү керекпиз.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жана Коопсуздук Кеңешинин туруктуу дүйнө тартибин орнотууга жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган аракеттерине колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле глобалдык чакырыктар менен коркунучтарды чечүү үчүн эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттерине өз салымын кошууга даяр.
Ошол эле учурда, биз 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Туруктуу эмес Мүчөлүгүнө өз талапкерлигибизди сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасы бул негизги органга эч качан шайланбаган өлкө катары, 2026-жылдын июнь айында Нью-Йорк шаарында өтө турган шайлоолордо сиздердин колдооңуздарга үмүт артабыз.
Кыргызстан шайланган учурда, Кеңештин ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле анын курамын аймактык өкүлчүлүктүн тең салмактуулугун эске алуу менен кеңейтүү ишин улантат.
Африка өлкөлөрүнүн Коопсуздук Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн жетишсиздигин оңдоо жана Кыргызстанды кошкондо 60 мүчө мамлекеттин эч качан Коопсуздук Кеңешине шайланбагандыгын эске алып, тарыхый адилетсиздикти жоюу убактысы келди.Келечек Саммитинде” Бириккен Улуттар Уюмунун мүчө мамлекеттери Туруктуу өнүгүү максаттарынын маанилүүлүгүн жана алардын толук ишке ашырылышынын зарылдыгын дагы бир жолу тастыкташты.
Кыргызстан 2030-жылга чейинки глобалдык Туруктуу өнүгүү күн тартибине бекем берилген бойдон кала берет жана биздин жетишкендиктер, улуттук артыкчылыктар жана каржылык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен максаттарга жетүү боюнча бекем ниетибизди тастыктайт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттары Кыргызстандын 2040-жылга чейинки улуттук өнүгүү Стратегиясына интеграцияланган. Бул Стратегия туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүгө, санариптештирүүгө, ишкердикке, ошондой эле учурдагы жана келечектеги муундар үчүн инновациялык жана экологиялык жактан таза технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.Ушул жылдын 22-июлунда жеке ишкерлер менен чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана каражаттарын коргоо боюнча мыйзам кабыл алдык.
Бул мыйзам инвесторлорду ишкердик жактан коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү аныктайт.
Ошондой эле бул мыйзамда тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерди жазалоо чаралары да каралган;
-Мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз, негизсиз баш тартуу;
Мыйзамсыз жана негизсиз лицензия берүүдөн баш тартуу;
-Ишмердүүлүгүн негизсиз жана мыйзамсыз чектөөгө алуу;
Инвесторлордун жана жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнө негизсиз жана мыйзамсыз кийлигишүүсү.Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик кызматкерлерге эң катаал жазалар берилет.

Алар – эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо же ири өлчөмдө акчалай айып салуулар каралган.
Кийинки жылы биздин өлкө Туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышы боюнча Улуттук ыктыярдуу отчетун сунуштайт.
Биз өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө, жетишилген натыйжаларды талкуулоого жана 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүү максатына умтулууну улантууга даярбыз.
Кыргызстан, тоолуу өлкө катары, 2000-жылдардан баштап дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү көйгөйлөрүнө бурду. Биздин демилгебиз менен жана тоолуу өлкөлөрдүн кеңири колдоосу менен “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” программасы 2023–2027-жылдарга ишке ашырылып жатат.
Мен бардык мамлекеттерди бул программага активдүү катышууга чакырам.
Сиздерди 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоолуу Саммитине катышууга чакырам, анда “Тоолуу аймактардын беш жылдыгынын” жыйынтыктары чыгарылат. Мындан тышкары, биз “Тоолор жана климат” боюнча глобалдык диалогду Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча жылдык конференциясынын программасына бекитүү демилгесин илгерилетип жатабыз.
Кыргызстан аймактын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүнүн символу болуп калган ак илбирсти коргоо боюнча активдүү иш алып барууда. 2023-жылдын декабрь айында ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу катары таанылган. Биз 11 өлкө менен биргеликте бул уникалдуу жаныбарды коргоо багытында иштеп жатабыз. Ушуга байланыштуу мен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына “Эл аралык ак илбирс күнүн” жарыялоо жөнүндө резолюция киргизүү жөнүндө билдирүүгө сыймыктанам жана бардык мамлекеттерди бул демилгени колдоого чакырам.
Тоолуу аймактардын тургундары күн сайын суу жетишсиздиги, азык-түлүк коопсуздугу, жакырчылык жана негизги кызматтарга жеткиликтүүлүктүн жоктугу сыяктуу кыйынчылыктарга туш болушат.Бул өлкөлөр өз көйгөйлөрү менен жалгыз калбашы керек. Биз дүйнөлүк коомчулукту бул маселелерди чечүү үчүн активдүү аракеттерди көрүүгө чакырабыз.
Урматтуу кесиптештер, айымдар жана мырзалар,
Эл аралык коомчулукка ишеним жана бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алган жаңы консенсусту түзүү убактысы келди.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, элдердин достугу, биримдиги жана тилектештиги тууралуу океандай тереңдикти камтыган “Манас” эпосунан төмөнку сөздөрдү айткым келет: “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, күч-кубатты бириктирели; “Биримдик бар жерде – ырыс бар.”
Ошондо гана биз бекем жана жарык келечекти кура алабыз.
Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем”.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 25-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 10 тыйын болсо, сатуу 84 сом 50 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 22 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн