Садыр Жапаров Берлиндеги саммитке катышат

Автор

Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 2023-жылдын 29-сентябрында Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган “ГФР – Борбор Азия” саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Мамлекет башчысы ошондой эле Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Борбор Азия лидерлеринин Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле “Германия экономикасынын Чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышуусу пландаштырылууда”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-кытай чек арасы 3 күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү жайлары 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, чек ара Кытайдын түзүлгөндүгүнүн күнүн жана Орто күз майрамын белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда. Чек арадагы өткөрүү пункттары 4-октябрдан тарта ишин кайрадан жандантат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн