Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

Автор

Президент Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.
Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Сапарбек Кадырбеков, “Алтын сертификат” ээси: “Ийгиликке жетүүгө мугалимдеримдин салымы чоң ”

ЖРТ сынагынан “Алтын сертификат” алган “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин бүтүрүүчүсү Сапарбек Кадырбеков жетишкендиги тууралуу ой бөлүштү. “Кыялым орундалып, ЖРТ сынагынан эң алдынкылардын катарына кирип отурам. Албетте, ар бир ийгиликтин башында үй-бүлө турганы сыяктуу менин да бул жетишкендигиме жакындарымдын кошкон салымы чоң, анткени алар […]

Сизге жагышы мүмкүн