Бүгүн, 20-январда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын жаңы имаратын курууга мезгил кутусун салды.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө прокуратура органдары мыйзам үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун чыңдалышын, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын мыйзам аркылуу корголушун камсыз кылуучу негизги институт экенин баса белгиледи.
Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын жаңы имаратынын курулушу – мыйзам үчүн кызмат кылган, кылмыштуулук менен күрөшкөн, жарандардын укугун коргогон кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга жасалган маанилүү кадам экенин айтты.
Жаңы административдик имарат жети кабаттуу болот, жалпы аянты 20 000 чарчы метрди түзөт, ал заманбап жабдуулар менен жабдылат. Имаратта кеңсе бөлмөлөрү, чакан жана чоң залдар жана 200 орундуу эки деңгээлдүү жер астындагы паркинг ойлонуштурулган. Курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт, ал эми курулушту аяктоо жана пайдаланууга берүү эки жылдык мөөнөткө пландаштырылган. Мамлекет башчысы бул долбоор укуктук системаны чыңдап, конституциялык баалуулуктарды коргой турганын айта кетти.
Президент соңку жылдарда прокуратура органдарынын ишин өркүндөтүү үчүн мамлекет тарабынан көп иштер жасалганына токтолуп өттү. Мамлекеттик колдоонун аркасында Нарын, Талас, Ош жана Чүй облустук прокуратураларынын кызматкерлерине жалпысы 111 кызматтык батирлер салынды. Талас облустук прокуратурасынын, Чоң Алай, Кочкор райондук прокуратураларынын, борбор калаадагы Свердлов районунун жана Баткен гарнизонунун имараттары жаңыланып, заманбап материалдык-техникалык каражаттар менен жабдылды. Мамлекет башчысы кызматкерлердин эмгек маянасы жогорулап, кызматына берилип иштөөсү үчүн толук шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.
Президент мамлекеттин максаты – жаңы Кыргызстандын, ар бир кыргыз жаранынын бакубатчылыгы үчүн мыйзамдуулукту туу тутуп иштей турган прокуратура түзүмүн түзүү экенин белгилеп, Башкы прокуратуранын жаңы имараты өлкөдө адилеттүүлүктү, бекем тартипти орното турган жай болсун деген үмүт-тилегин билдирди.
Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы прокуратуранын ардагерлери менен жолугуп, алар өлкөнүн укуктук системасын чыңдоого көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Ардагерлер бул имарат прокуратура үчүн атайын салынып жаткан экинчи курулуш экенин айтып, бул институттун мамлекет үчүн маанисин баса белгилешти. Алар Садыр Жапаровго мындай мүмкүнчүлүк жана кызматкерлерге камкордук көрсөткөндүгү үчүн рахматын айтышты, татыктуу шарттарды түзүү – коомдо мыйзамдуулуктун жана тартиптин бекемделишине өбөлгө болоорун белгилей кетишти.
Президент Садыр Жапаров өз кезегинде мамлекет прокуратуранын ишин жакшыртууга жана өлкөдөгү укук тартибин чыңдоого багытталган демилгелерди мындан ары да колдой тургандыгына ишендирди.