Садыр Жапаров Баку шаарында БУУнун Климаттык конференциясына катышууда

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы (Азербайжан Республикасы) Олимпиада стадионуна келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары парник газдарынын чыгарылышын азайтуу боюнча чараларды, климатты каржылоо маселелерин, энергетикадагы технологиялык инновацияларды, жаш муундарга билим берүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоону талкуулашат.
Конференцияга 50 миңден ашык адам, анын ичинде 100дөн ашык мамлекеттин лидерлери катышат.
Иш-чарага келген делегация башчыларын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.
Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин, делегация башчылары климаттык иш-аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин Саммитинин ачылыш салтанатына катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.
Андан соң президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде улуттук билдирүү менен чыгып сүйлөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын ИДПсы 1 триллион сомдон ашты

2024-жылдын январь-октябрь айларынын ичинде ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 триллиондон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын ушул айларына салыштырганда быйылкы өсүш 9,6% болгон. Статком ИДПнын өсүшүн мындай чечмелейт: өсүш товардык өндүрүштүн, тейлөө, кызмат көрсөтүү тармагынын жана азык-түлүккө салынган салыктардын эсебинен болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн