Садыр Жапаров: “Алардын бетине түкүргүлө”

Автор

“Жергиликтүү шайлоолордо СДПК партиясы 1.5 млн сомду элге таратып жаткан жеринен кармалышты. Мунун баары далилденип турат. Алар Бишкек шаары боюнча 69 үгүтчү жалдаса, анын 44 каттоодон өткарбөй акча төлөп берип жатышат. Бул да, добуш сатуунун түрүнө кирет да. Ушундай кылып жатышса, эмне, алардын башынан сылайлыбы”,- деди президент Курултайда сөз сүйлөп жатып. Коомчулукта СДПКчы саясатчылар Ирина Карамушкина менен Темирлан Султанбековдун камалышы боюнча ар түрдүү пикирлер орун алып, ушак айыңдар көбөйгөн эле. Президент айың кептерге чекит коюу менен “бизде 3 жолу төңкөрүш болду. Анын баары шайлоолордон келип чыкты. Алдыда парламенттик жана президенттик шайлоолор турат. Азыр бизде бир гана маселе калды. Эл добушуңарды сатпагыла, сатып алам дегендердин бетине түкүргүлө”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 23-декабрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 86 сом 85 тыйын болсо, сатуу 87 сом 45 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн