Садыр Жапаров “Ак шумкарларга” автобус белек кылды

Автор

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасына автобус белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 6-июнда, Кыргызстандын Малайзиянын курама командаларынын ортосунда беттеш болуп өттү.
Оюндун жыйынтыгында Мамлекет башчысы футболчулар менен жолугушуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырды.
Президент Садыр Жапаров өлкө алдыдагы Оман курама командасы менен боло турган оюндан жеңиш күтүп жатканын белгилеп, эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Курман айт кайсы күнү белгиленери айтылды

Кыргызстанда 2024-жылдагы Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Кыргызстанда бул майрам эс алуу күнү болуп эсептелет. Муфтияттын маалыматына караганда, 15-июнь ишемби күнү арапа. Эске салсак, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр Курман айт 28-июнда майрамдалган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн