“Ага көңүл бурбай эле койгула. Ал бүгүн өзүнүн айтканына эртең каршы чыга берет. Учурдагы кырдаалга карата пикирин жана позициясын өзгөртүп кете берген адамдарды мамлекетчил адам деп айтууга болбойт. Андай адамдар өзүмчүл болушат. Мен эле болушум керек, менден башка эч ким эмес дешет”,- деп билдирди президент атаандашы Адахан Мадумаров боюнча “Кабар” маалымат агенттигине маек берип жатып.
Ал желек, герб жана гимнди өзгөртүү анын идеясы болгонун айтып, бир эскерүүсүн бөлүшкөн.
“Бир мисал келтирейин. 2009-жылы мен Комиссар болуп иштеп турганымда «Транспаренси интернешнл» эл аралык уюмунун жетекчисин ээрчитип алып Адахандын кабыл алуусуна баргам. Анда ал мамлекеттик катчы болуп турган. «өлкөнүн эң башкы идеологу» эле да. Алар чыгып кеткенден кийин Адахан мени алып калып столунун үстүндө жаткан кагаздарды алып мага көргөздү. Кагазда жаңы туу, жаңы гимн, жаны герб тартылган экен. Туунун өңү көк экен. Мына ушуларды алмаштыруу боюнча маселе көтөрүп жатам. Илгери биздин туубуз көк болгон. Манас атабызда да көк асаба деп айтылат. Ал эми бул гербдеги бүркүттү карасаң. Балтыры тооктун санындай болуп турат. Бүркүт дегендин балтыры жоон болуш керек деген.
Мен «ии ооба, туура айтасыз, өзгөртсөк туура эле болот экен. Желек да жарашыктуу болуптур. Сиз кыйын адамсыз ушунун баарын байкаган» деп мактап коюп кете бергем. Анысын унутуп калса керек бечара?
Анысын коёлу кечээ жакында эле «Курултайсыз өнүгө албайбыз, Курултай бизге аба менен суудай керек» деп сүйлөп жүргөн сөзүн бүгүн унутуп калып Курултайга каршы чыгып жүрбөйбү.
Эми гимнди эртең эле өзгөртө коёлу деген маселе жок. Гимнди чыгармачыл адамдар, композиторлор, акындар жазып, элге салыш керек. Көпчүлүк эл колдогон гимнди кабыл алсак жаман болбойт. Гимнди окуучулардан баштап ак сакал ата-апаларыбызга чейин ырдап турса кандай сонун. Керек болсо той-концерттерде ырдалып турса эмнеси жаман. Гимндин мазмуну мамлекетибизди даңазалоо, жарандарыбызды мекенчилдикке, биримдикке, ынтымакка чакыруу, мамлекетибизди түбөлүккө сактап калалы деген ураандар болуш керек. Өмүр бою эле азаттыкка чыктык деп жүрө беребизби?
Кытайдын архивдеринде биздин 5 миң жылдык тарыхыбыз бар экенин далилдеп турат. Азыр биздин тарыхчылар архивдерин казып, материалдарды алып кыргызчага которуп жатышат.
Биз эмне үчүн орто кылымдарда мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алганбыз? Жалаң ушундай бирин бири көрө албастык кылган, бут тоскон, ичи тар, бузуку адамдардын кесепетинен бир кездерде мамлекетибизди жоготуп алганбыз.
Эми мына кайрадан мамлекетибизди түптөп, бекемдеп алгандан кийин андай пастыка барып, кайрадан мамлекетибизди жоготуп албашыбыз керек”,-деген ал.