Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.
Мамлекет башчысынын кайрылуусу:
“Урматтуу мекендештер!
Адам укуктары – ар бир адилеттүү коомдун негизги тиреги. Конституциябыздын, мыйзамдарыбыз менен мамлекеттик башкаруу системабыздын пайдубалы адам укуктарынын корголушуна негизделип түптөлгөн.
Кыргыз эли байыртадан эле адамдык ар-намысты, эркиндикти, жоопкерчиликти жана адилеттүүлүктү туу тутуп жашап келгендиги баарыбызга жакшы маалым. Тарых-таржымалыбызда, дөөлөт-мурастарыбызда улуттар аралык ынтымакка, достукка, ишенимге жана кызматташтыкка өзгөчө маани берилгендигин көрүүгө болот. Бизде ар бир жарандын этностук, маданий же улуттук таандыгына карабастан, тең укуктуулук, урматтоо жана укуктарды коргоону камсыздоо негизги ролду ойногон.
Мындан 76 жыл мурун 10-декабрда Париж шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алып, аны дүйнөдөгү бардык элдер жана мамлекеттер карманууга тийиш болгон документ катары жарыялаган. Ошондон бери 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнү катары белгиленип келет.
Адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоо жана гуманизм принциптерин ишке ашыруу максатында ушул жылдын 9-февралында “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү тууралуу” мыйзамга кол койгом.
Өткөн он жылдыкта Адам укуктарынын жалпы декларациясы адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары үчүн үлгү болуп, көптөгөн өлкөлөрдү, анын ичинде биздин өлкөнү, тиешелүү улуттук мыйзамдарды иштеп чыгууга шыктандырды. Кыргыз Республикасы бул принциптерди кармануу менен, бул багыттагы глобалдык демилгелерге жигердүү катышып келет.
Бул жааттагы жетишкендиктерибизди адам укуктары боюнча эл аралык негизги келишимдерге кошулуу, милдеттенмелердин аткарылышы боюнча эл аралык платформаларга үзгүлтүксүз маалымат берүү, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланышы дагы тастыктайт.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Ата Мекенибизде ар бириңиздер ар дайым укуктарыңыздардын корголгонун сезип, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушуңуздарды каалайм. Коомубузда ар дайым бири-бирин урматтоо, ынтымак жана адилеттүүлүк өкүм сүрсүн!
Эң башкы баалуулугубузду – адам укуктары менен эркиндиктерин жана укуктук мамлекеттин негиздерин биргеликте бекемдейли!
Ар бир күнүбүз тынчтыкка, өнүгүүгө жана бакубаттуулукка карай кадам болсун!”.