Садыр Жапаровду Москвага кимдер коштоп кетти?

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында бүгүн мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртең, 25-майда, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

 

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

 

Адылбек Касымалиев — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;

Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Гүлнара-Клара Самата — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Аяз Баетов — юстиция министри;

Асеин Исаев — тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Самат Кулмамбетов — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы;

Назарбек Малаев — экономика жана коммерция министринин орун басары

Бөлүшүү:
Next Post

Айбек Осмонов, ЖК депутаты: "Балдардын эс алуучу жайларын сатып жиберишкен"

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов  сатылып, тонолуп атканага айланган балдардын эс алуучу жайларына токтолду. Эл өкүлү “Профсоюздарды текшерүү боюнча депутаттык комиссия Ысык-Көлгө барсак облустун прокурору да, анын орун басары да келбей койду. Райондун прокурору келип, 5 районго өзүм жооп берем дейт. Ошол кантип болсун? Жаш жеткинчектер […]

Сизге жагышы мүмкүн