Эртең,14-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл турнирге 16 команда катышат. Достук мелдеши «Газпром» спорт комплексинде өтөт.
Алар: «Президенттин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналистер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес», «Ноокат».
Оюндарды КТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып көрсөтөт.
Мурас турниринин матчтарына бардык каалоочулар келе алышат.
Аптанасаат: "Дүнүйөнүн адалы - сурак, арамы болсо - жан кейиткен азап"
Жум Дек 13 , 2024