Сабалган жоокер Улуттук госпиталга жаткырылды

Автор

Аскер прокуратурасы Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүндөгү сабалган жоокердин иши боюнча териштирүү баштады. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты.
Маалым болгондой, Э. Шаршенбаев аттуу жоокер 28-ноябрь күнү эки жоокер тарабынан катуу сабалып, Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүнө түшкөн. Ага “острый гломеруонефрит, нефрологический синдром” деген диагноз коюлган.
Башкы көзөмөл кызматы билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болгондо гана мыйзамдын чегинде юридикалык баа берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептерде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынабы?

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелеринде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салууну сунуштоодо. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоор окуучулардын билимин жана ден соолугун, алардын социалдык жана психологиялык бакубаттуулугун коргоо, ооздуктаган факторлорду жана мобилдүү түзүлүштɵр менен байланышкан кɵйгɵйлɵрдүн алдын алуу, академиялык чɵйрɵнү колдоо, буллингдин бардык […]

Сизге жагышы мүмкүн