Жебе салынуучу буюм катары териден кооздолуп, жебенин көлөмүнө жараша жасалат. Бул жоокерлерге жана мергенчилерге таандык буюм болсо да, Кыргыз элинин көөнөрбөс мурастарына кирет. Саадактын илгичи жонго же, белге ыңгайлаша тигилгени анын ыңгайлуу болушун шарттаган. Манас эпосунда дагы сонун сүрөттөлгөн. Азыркы учурда жаа аткычтардын далысында илинген Саадак көркөмдөлүп жасалганын көрүүгө болот. Керемет комузчу Атай Огонбаевдин “Саадак Какты” күүсү анын түпкү маңызынан кабар берет. Кыргыздар “ылайым саадак сөз жебесинен куру болбосун”,- деп бата тилешкен.