Ленин округунан депутаттыкка аттанган Руслан Бекназаров шайлоонун жыйынтыктары чыккандан кийин жеңилгенин моюндап, жеңүүчү делген Дамира Ниязалиеваны куттуктады. Анын мындай кадамын шаардыктар жигиттик катары баалап жатышат. Руслан Бекназаров шайлоо өнөктүгү учурунда да үгүт-насаат иштерин таза жүргүзгөнү, мыйзамдуулукту сактаганы, билиминин тереңдиги менен мамлекеттик кызматка даяр экендигин далилдеди. Ал эми башка талапкерлер чычалап, түн ортосуна чейин БШКны айланчыктап жүрүштү.