Руслан Бекназаров атасына коюлган берене боюнча маалымат берди

Автор

Өткөн жумада камакка алынган Азимбек Бекназаровго Кылмыш жаза кодексинин 222-беренеси менен айып тагылганын анын баласы Руслан Бекназаров маалымдады. Бул берене кылмыштуу жол менен табылган каражатты адалдоого катышы бар жарандарга байланыштуу коюлат.
“Атама 2010-жылы Улуттук Банктан 1 млн доллар алды деген кине коюлуп жатат. Бирок, кимден, качан, ким аркылуу алганы тууралуу далил жок. Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү болгон. Ал убакта Азимбек Бекназаров түштүктөгү коогалаңда от кечип жүргөн. Эгер маселе Убактылуу өкмөт боюнча болсо, анда ошол 14 мүчөсүн тең камаш керек”,- деп билдирди.
Руслан Бекназаров Убактылуу өкмөттө каражат жагына Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариев жооптуу болгонун, Азимбек Бекназаров күч структурасын гана тейлегенин айтты.
Бийлик Убактылуу өкмөттүн күңгөй, тескейин териштирүүгө чындап кириштиби? Анда генерал Исмаил Исаков, Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев, экс-президент Роза Отунбаева жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер боюнча кандай чечим кабыл алынат?

Бөлүшүү:
Next Post

Президент түз эфирде отурганда жер титиреди

Румынияда күчү 5,3 болгон жер титирөө болуп, Бухаресттен 7 чакырым аралыкта катталды. Жер титирөөнүн толкундары Молдова менен Украинада сезилди. Жер титирөө Молдованын президенти Майя Сандунун “Moldova1” телеканалында түз эфирде алып баруучу менен сүйлөшүп жаткан учурда болгон жана бул окуя видео тасмага түшкөн. “Бизде бир кызыктуу нерсе болуп жатат, бизде премьера […]

Сизге жагышы мүмкүн