Румыния менен Болгария Шенгенге толук кошулду

Автор

Евробиримдиктин ички иштер министрлери 12-декабрдагы жыйында 2025-жылдын 1-январынан баштап Румыния жана Болгария менен болгон ички чек аралардагы көзөмөлдү алып салуу тууралуу чечим кабыл алышты. Бул тууралуу Еврокомиссиянын сайтына жарыяланды.
Евробиримдик кеңеши 2023-жылдын 31-декабрындагы чечими менен Болгария жана Румынияны Шенген аймагына кабыл алган. Шенген келишиминин эрежелери эки өлкөдө 2024-жылдын 31-мартынан баштап иштей баштаган. Ошол эле учурда ички аба жана деңиз чек араларындагы көзөмөл алынып салынган.
Румыния менен Болгариянын Шенген аймагына толук кошулушун Австрия бөгөттөп келген. Бул мыйзамсыз миграциянын өсүшүнө алып келет деп кооптонушкан. Декабрда Австриянын ички иштер министрлиги чек араларды коргоо чаралары боюнча өлкөлөр макулдашкандан кийин Шенген аймагын кеңейтүүгө салган ветосун алып салды.

Бөлүшүү:
Next Post

1-январдан тарта маркасы жок күйүүчү майды жүгүртүүгө тыюу салынат

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок күйүүчү майды жүгүртүүгө тыюу салынаарын эскертет. Ведомствонун маалыматына караганда, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы токтомуна ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып маркаланбаган бензинди жана дизелдик отунду сактоого, сатууга жана ташууга тыюу салынат. Мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген субъекттер 2024-жылдын 31-декабрына чейин отундун бул түрлөрүнүн калдыктарын […]

Сизге жагышы мүмкүн