Румынияда президенттик шайлоодо добуштарды эсептөө учурунда лидер өзгөрдү. Көз карандысыз талапкер Кэлин Жеорджеску алдын ала эсеп боюнча добуштардын 22,05 пайызын алды. Социал-демократиялык партиянын лидери жана премьер-министр Марчел Чолакуну бир аз артта калтырды. Чолаку 21,92 пайыз добуш алды. Бул Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 83,3 пайыз бюллетендерди иштеп чыккандагы маалыматтар. Эки талапкер тең мамлекет башчылыгына болгон шайлоонун экинчи туруна чыгат. Ал 8-декабрда өтмөкчү.