Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Коопсуздук кызматынын башкаруу пунктуна жана Киевдеги “Луч” конструктордук бюросуна сокку жасалганын маалымдады. Чабуулдун максатты ишке ашып, бардык объекттер жок кылынган. Министрликтин билдирүүсүндө бул чабуул Ростов облусундагы “Каменский комбинаты” ишканасына Украина тарабынан жасалган ракеталык соккуга жооп катары болгондугу маалымдалды.
Аскердик мекеменин маалыматы боюнча, Киевдеги “Луч” конструктордук бюросунда “Нептун” ракеталык комплекстери, канаттуу ракеталар “Ольха” жана Patriot абадан коргонуу системасы үчүн каражаттар өндүрүлөт.
Буга чейин украиналык маалымат каражаттары Киевде алты жарылуу болгонун жазышкан. Киевдин мэри Виталий Кличко ракета калдыктары шаардын төрт районунда түшкөнүн билдирди.
“Каменский комбинаты” ишканасына Украина батыштан келген он ракета менен сокку урганы тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги мурда билдирген. Абадан коргонуу системалары алты ATACMS жана төрт Storm Shadow ракеталарынын үчөөсүн атып түшүргөн.