Россия өзүнүн, Түндүк Кореянын, Беларуссиянын жана Абхазиянын дипломаттарын Дамасктан алып кетти

Автор

Россия өзүнүн дипломатиялык миссиясынын бир бөлүгүн, ошондой эле Түндүк Кореянын, Беларуссиянын жана Абхазиянын дипломаттарын Дамасктан чыгарып кетти
«15-декабрда Россиянын Коргоо министрлигинин Аба-космос күчтөрүнө тиешелүү атайын каттам Хмеймим авиабазасынан Чкаловск аэропортуна Дамаскта иштеген Россиянын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүнүн айрым кызматкерлерин чыгарып келди. Ошондой эле Беларуссиянын, Түндүк Кореянын жана Абхазиянын дипломатиялык миссияларынын кызматкерлери эвакуацияланды»,-деп айтылат Россиянын ТИМинин кырдаалдык-кризистик борборунун маалыматында.
Эвакуация эмне себептен жүргүзүлгөнү тууралуу Россиянын ТИМи так маалымат берген жок. Бирок билдирүүдө Россиянын Дамасктагы элчилиги ишин улантып жаткандыгы айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Баланы канткенде жакшы окута алабыз?

Баланы канткенде жакшы окута алабыз? Бул тууралуу адистер кеңештерин айтышты. Эксперттин айтымында, ата-энелер баласын эч качан жаман баа үчүн урушпашы керек, анткени бул анын жакшы окуусуна терс таасир этет. Мындай учурларда мектеп окуучулары, тескерисинче, колдоого муктаж болот. Балаңыздын жеке ийгиликтери же хоббилери аркылуу түрткү беришиңиз керек. “Ийгилик аркылуу, мүмкүнчүлүктөр аркылуу […]

Сизге жагышы мүмкүн