Россиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүү, достук эмес өлкөлөргө Россияга кол салуунун мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу эскертүү болуп саналат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Бул өлкөлөргө биздин аймактарга, сөзсүз эле өзөктүк курал менен эмес, кол салган учурда кандай кесепеттер болорун эскертүүчү белги»,-деди Дмитрий Песков. Ал кошумчалагандай, учурда Россиянын чек араларындагы чыңалууну эске алуу менен өзөктүк куралдарга байланыштуу документтерге түзөтүүлөр киргизилип жатат.