Россия элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Автор

Россия Федерациясынын Тажикстандагы элчиси Семён Григорьев тажик жарандарынын Россияга кирүүдөгү кырдаалга байланыштуу республиканын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу министрликтин сайтында айтылат.
Элчиге “Тажикстандын жарандарынын Россияга кирүүсүнө негизсиз тыюу салуу фактылары” боюнча позициясы тууралуу маалымат берилген.
Мындай учурлар Казакстандын Түштүк Урал облусу менен Россиянын Оренбург облусунун чек арасында болгон.
Аймактык басылмалардын маалыматына караганда, орус чек арачылары тажик жарандарынын жүктөрүн жана телефондорун кылдаттык менен текшеришкен. Өткөрмө пунктунда сурак иштери жүргүзүлгөндөн айрымдары гана ийгиликтүү өтө алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүндөн тарта “Ала-Тоо” аянты оңдоп-түзөөгө жабылат

Бүгүн, 27-апрелден тарта Бишкектин “Ала-Тоо” аянты реконструкциялоого жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жумуш убагында Ардак кароол алынат. Аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө. Архитектура жана шаар куруу эстелиги болуп саналган “Ала-Тоо” аянтынын азыркы композициясы “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы даярдаган жаңы […]

Сизге жагышы мүмкүн