Россия Украина боюнча жаңы саммитке катышпайт

Автор

Россия ТИМи Украина боюнча жаңы саммитке чакырылса да, катышпай турганын билдирди.
Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузиндин айтымында, мындай саммиттердин ультимативдүү багыты Россияга каршы экендиги айдан ачык. Ошондуктан Москва мындай иш-чараларга катышуудан баш тартат.
Галузиндин айтымында, саммиттин алкагында Батыш Украина кризисин жөнгө салуу боюнча башка демилгелерди атайылап четке кагып жатат.
Мындай билдирүү дүйнөлүк басма сөздө Украинанын жаңы, экинчи тынчтык саммитин демилгелеп жатканы тууралуу маалыматка байланыштуу. Бул саммит АКШда президенттик шайлоолорго же ноябрга чейин өткөрүлөөрү пландалууда. Бул жолу Россияны чакырууну көздөп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 13-июлдан 17-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ селдин алдын алуу үчүн төмөндөгүдөй коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат: арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз […]

Сизге жагышы мүмкүн