Россия Украинанын дагы бир аткаминерине издөө салды

Автор

Россия Украинанын мурдагы ички иштер министри Арсен Аваковду издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизди. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин сайтында айтылат.
Россиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Аваков мурда Донбасстагы кылмыш иштерине катышкан. Ал 2018-жылы Киевде, Львовдо орус дипломатиялык мекемелеринде өткөн президенттик шайлоодо россиялыктардын шайлоо укуктарын эркин ишке ашыруусуна кийлигишкен.
Аваков 2014–2021-жылдары Украинанын Ички иштер министрлигин жетектеген.
Буга чейин Россиянын Ички иштер министрлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийди жана мамлекеттин мурдагы башчысы Петр Порошенкону издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икаясы: Бир аракет

Устат окуучусуна жаа атууну үйрөтүп жаткан. Окуучу жаа жана эки жебени алып, көнүгүү жасоого киришет. Бирок устат келип, анын жебесинин бирин алып, ыргытып салат. -Эмне үчүн экинчи жебени алдыңыз? – деп сурады окуучу. “Мен сенден экинчи жебени эмес, биринчи жебени алып койдум, анткени ал баары бир бутага тийбей калмак”, – […]

Сизге жагышы мүмкүн