Россия Түндүк Агым боюнча Германияга доомат койду

Автор

Россия расмий деңгээлде Германияга «Түндүк агым» газ түтүктөрүнүн жардырылышын иликтөө боюнча дооматтарды койду. Бул тууралуу РФ ТИМинин үчүнчү европалык департаментинин директору Олег Тяпкин билдирди.
Москва Берлиндин терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө умтулаарын айтты. Дипломаттын айтымында, немис бийлиги Балтика деңизинде болгон теракттардын болжолдуу аткаруучуларынын бирин издөөдө деп жарыялашкан.
«Немис ЖМКларында бул адамдардын кандайдыр бир мамлекет менен байланышы жок деген тезис көптөн бери жана системалуу түрдө жайылтылып жатканын эске алганда, Германиянын тергөөсү да «Түндүк агымдарды» жардыргандардын чыныгы буюртма берүүчүлөрүн аныктабай эле жабылып калышы мүмкүн. Башкача айтканда, ФРГ бул ишти токтотуп коёт»,-деди Тяпкин.
Москва мындай абалга макул болбой турганын баса белгиледи. Батыштын реакциясына жараша Россия тараптын мындан аркы кадамдары аныкталарын айтып жыйынтыктады дипломат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдүн үчүнчү районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл районунун аймагына «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 18-август күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында, Ысык-Көл районунун башчысынын 18-августундагы №195 тескемесинин негизинде Ысык-Көл районунун […]

Сизге жагышы мүмкүн