Россия мусулмандарынын Дин башкармалыгы көп аял алууга уруксат берген фатваны чакыртып алды

Автор

Россия мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аалымдар кеңеши мусулмандарга бир эле учурда бир нече диний никеге турууга уруксат берген «Россиядагы мусулмандар коомунда көп аял алуунун проблематикасы» деген фатваны чакыртып алганын жарыялады. Бул тууралуу өзүнүн телеграм-каналында кеңештин төрагасы Шамил Аляутдинов билдирди.
Ал мындай чечим Башкы прокуратуранын жана орус коомчулугунун реакциясына байланыштуу кабыл алынганын түшүндүрдү.
«Россиядагы мусулмандар коомунда көп аял алуунун проблематикасы» аттуу фатванын кабыл алынганын 19-декабрь күнү Москва муфтийи Ильдар Аляутдинов билдирген. Ал мусулмандардын бир нече диний никеге турушу үчүн шарт катары күйөөнүн бардык аялдарына адилеттүү жана тең мамиле кылуусун атаган.
23-декабрь күнү Россиянын Башкы прокуратурасы аталган фатвага байланыштуу Дин башкармалыкка мыйзам бузуу жөнүндө көрсөтмө жиберген. Прокуратуранын билдирүүсүндө, фатва «учурдагы мыйзамдарга жана салттуу орус руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча мамлекеттик үй-бүлө саясатынын негиздерине каршы келет» деп айтылган. Ошондой эле прокуратура РФнын Үй-бүлө кодексинин 14-беренесин эске салып, мурдагыдан катталган никеси бар адамдардын жаңы никеге туруусуна жол берилбей турганын белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

«Менин шаарым» тиркемеси: Эми шаардыктар түз эле мэрге кайрыла алат

“Менин шаарым” тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, эми тиркемеде «мэрге кайрылуу» бөлүмү пайда болду, ал өзгөчө көзөмөлгө алынат. Тиркеменин колдонуучулары кайрылуу жөнөтүп, ыкчам тартипте шаардык кызматтардан фото же видеофиксация менен аткарылышы тууралуу отчет алышат. Белгилеп кетсек, учурда мобилдик тиркемени 460 миңге жакын адам активдүү колдонот. […]

Сизге жагышы мүмкүн