Россия менен Өзбекстандын коргоо министрлери Андрей Белоусов жана Шухрат Халмухамедов эки өлкөнүн күч органдарынын 2025-жылга карата кызматташуу планына жана 2026–2030-жылдарга аскердик тармакта РФ менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүк программасына кол коюшту. Кол коюу аземи Андрей Белоусовдун Ташкентке расмий иш сапарынын алкагында өттү.
Сапардын жүрүшүндө РФнын коргоо министри өзбекстандык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Москва менен Ташкенттин өнөктөштүгү жогорку деңгээлге жеткенин билдирди. «Бул азыркы эл аралык кырдаалда өзгөчө маанилүү»,-деди ал.
2017-жылы Москва менен Ташкент аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ал келишим аскердик максаттагы продукцияларды өз ара жеткирүү, курал-жарактарды жана аскердик техникаларды тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү, аскердик-техникалык жардам көрсөтүү, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткарууну карайт.