Россия Кытай жана БАЭ биргеликте Газа тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна байланыштуу 8-декабрда БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды.
Бул тууралуу Россия Федерациясынын дүйнөлүк уюмдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдирди.
«Газадагы кырдаалдын өтө кооптуу курчуганын эске алып, эмираттар жана кытайлар менен биргеликте БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү сурандык. Эртең, 8-декабрда Нью-Йорк убактысы боюнча саат 10:00дө башталат»,-деди ал.