Россиянын Президенти Владимир Путин Кытай өкмөтү менен Эл аралык илимий Ай станциясын түзүү боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Келишим 2022-жылдын 25-ноябрында Москвада жана Пекинде кол коюлган. Документ Айды тынчтык максатында изилдөө жана пайдалануу боюнча кызматташтыкты уюштуруу үчүн түзүлгөн.
Станция түзүү көп максаттуу илимий изилдөөлөрдү, анын ичинде Айды байкоо жана фундаменталдык эксперименттерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Курулушу 2036-жылы аякташы керек жана долбоор бардык эл аралык өнөктөштөр үчүн ачык.