Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду “Кыргыз темир жолуна” 5,2 млн доллар бөлөт

Автор

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын оңдоп-түзөө бөлүмдөрүнүн өндүрүштүк комплексин модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу алкагында 5,2 млн долларлык каржылоо боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат локомотив ДЕПОсу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга жана модернизациялоого жумшалат. Бул Локомотив чарба филиалынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн жана оңдоо иштеринин натыйжалуулугун олуттуу түрдө жогорулатууга шарт түзөт.
Учурда Локомотив чарба филиалы өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен тепловоздорду текшерип, оңдоо иштерин жүргүзөт. Ошол эле учурда, капиталдык оңдоо иштери коңшу мамлекеттерде жүргүзүлүүдө. Акыркы жылдары ишкана өзүнүн каражаттарынын эсебинен ДЕПОнун өндүрүштүк комплексин 30 пайыздан ашык жаңылоого жетишип, бул өз кезегинде оңдоо иштеринин натыйжалуулугуна жана каражаттарды үнөмдөөгө оң таасирин тийгизди.
Жогоруда аталган долбоор ишке ашырылгандан кийин калган бөлүктөр да жаңыланып, натыйжада тепловоздордун капиталдык оңдоо иштерин ишкананын өзүндө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул оңдоо иштери үчүн убакытты жана чыгымдарды бир топ кыскартууга шарт түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда канча диний уюм каттоодон өткөн?

Кыргызстанда 4 миң 313 диний уюм каттоодон өткөн. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов Бишкекте өткөн илимий-практикалык конференцияда билдирди. Анын айтымында, катталгандардын ичинен 3 миң 914тү ислам багытындагы, 395и христиан багытындагы уюмдар. Ошондой эле 3 бахаи жамааты, […]

Сизге жагышы мүмкүн