Россия Украина менен сүйлөшүүлөрдү башташы мүмкүн, бирок, бул бир катар шарттарды талап кылат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
«Эгерде биз айрым өлкөлөрдүн Вашингтон алып келген туюктан чыгуунун жолун табууга умтулушу жөнүндө айта турган болсок, анда алар Украинага курал-жарак берүүнү токтотушу керек. Россияга каршы санкцияларды кабыл албашы керек жана русофобиялык билдирүүлөрдү жасабашы керек”,-деп белгиледи Захарова.