15-декабрдан тарта кесиптердин жаңы тизмеси күчүнө кирет. Анын ээлери Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алышат. Бул тууралуу РУДН университетинин экономика факультетинин доценти Андрей Гиринский билдирди.
Ал өзгөртүүлөр Эмгек министрлиги тарабынан бир катар кесиптер боюнча кадрлардын жетишсиздигин жоюу максатында киргизилгендигин белгиледи. Тизме мугалим, дарыгер, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын жумушчусу, геологиялык чалгындоо, курулуш жана өндүрүш тармагындагы инженер адис сыяктуу кесиптер менен толукталды. Жаңыланган тизмеде IT адистери бар.