Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылууга киришти

Автор

Түштүк Кореянын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги төрагалыгы аяктады. 1-июлдан тартып бул роль Россияга өттү. Коопсуздук Кеңешине төрагалык ай сайын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтөт.
Россия төрагалык кылуу мезгилине үч негизги иш-чара пландаганын БУУдагы РФнын туруктуу өкүлү Василий Небензя билдирди. Алардын бири – адилеттүү, демократиялык жана туруктуу дүйнө тартибин куруу үчүн көп тараптуу кызматташтык боюнча ачык дебаттар. Жыйын 16-июлга белгиленген.
17-июлда, Жакынкы Чыгышты жөнгө салуу боюнча ачык дебаттар өтөт. Эки иш-чара тең Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун төрагалыгы астында өтөөрү күтүлүүдө.
19-июлда БУУнун ЖККУ, КМШ жана ШКУ менен кызматташуу боюнча дебаттар пландаштырылган. Мырза Небензя, Россия төрагалык кылуу мезгилинде Коопсуздук Кеңешинин алкагында Севастополдогу пляжга ATACMS колдонулган чабуул талкууланышы мүмкүн экенин айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Олимпиадага жолдомо уткан балбандар менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Парижде өтө турган 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан бара жаткан грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев олимпиада оюндарына катышуучу балбандарга ийгилик каалап, күрөшчүлөрдүн ар […]

Сизге жагышы мүмкүн