Орус өкмөтү ички рынокто күйүүчү майдын жетишсиздигин алдын алуу үчүн бензинди экспорттоого тыюу салуу маселесин карап жатканы маалымдалды.
Өткөн аптада Санкт-Петербургдун фондулук биржасында АИ-95 бензининин дүң баасы 2021-жылдагы рекордду жаңылап, тоннасына 60 миң рублдан ашты.
«Коммерсантъ» гезити апрелдин орто ченинде жазгандай, Батыштын февраль айынан бери күчүндө турган чектөөлөрүнө карабастан, бензиндин экспорту жыл башынан бери 38 пайызга өстү.