Россия Африкадан келген иммигранттар үчүн 30 айыл курууну пландоодо. Тверь облусу пилоттук аймак катары тандалды.
Орус аймагы менен танзаниялык компаниянын ортосундагы келишимге 2023-жылы июлда Россия-Африка форумунда кол коюлган. Иммигранттардын айыл чарба иштерине тартылышы күтүлүүдө.
«Биз бардыгын, россиялык университеттерди бүтүргөн жана орус тилинде сүйлөгөн Африкадан келген студенттерди да күтөбүз. Башкача айтканда, буга чейин Россияда жашап, мекенине кайтууну пландабаган африкалыктар»,-дейт фермер Алексей Трофимов.
Бишкек мэриясы троллейбус айдоочуларын кабыл алат. Маянасы 50 миң сом
Жум Авг 11 , 2023