Россия Африкага АКШ менен аскердик-биологиялык тармакта кызматташпоону эскертти

Автор

АКШ Африка континентинде аскердик-биологиялык катышуусун тез арада күчөтүп жатат деп билдирди Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин башчысынын орун басары Алексей Ртищев. Ал африкалык өлкөлөрдү америкалык бийликтер менен кызматташуудан этият болууга чакырды.
«Биздин африкалык өнөктөштөрүбүздү АКШ менен аскердик-биологиялык тармакта кызматташпоого чакыргым келет»,-деди ал брифинг учурунда.
Орус бийлиги буга чейин АКШны биолабораторияларды түзүү жана биологиялык куралдарды иштеп чыгуу боюнча айыптап келген. Вашингтон айыптоолорду четке кагып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда байырлаган ак илбирстин саны арбыды

Кыргызстандын аймагында 285 ак илбирс байырлап жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынгандыгына байланыштуу Бишкекте өткөн иш-чарада айтылды. Иш-чарада Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын алкагында өлкө аймагында жашаган ак илбирстин санын аныктоо […]

Сизге жагышы мүмкүн