Россия Айга базасын жайгаштырууга даярданып жатат. Миссия 2031-2040-жылдарга пландаштырылган. Бул тууралуу Космостук системалар жана комплекстер боюнча башкы конструктор, “Энергия” ишканасынын башкы конструктору Владимир Соловьевдун баяндамасында айтылды.
2041-2050-жылдары Айда база куруу жана суу менен кычкылтек алуу, пайдаланууну баштоо, ошондой эле жергиликтүү ресурстардан өндүрүш технологияларын иштеп чыгуу, күйүүчү май компоненттерин өндүрүү боюнча комплекстерди түзүү пландаштырылууда.