Шаршембиге караган түнү, 29-январда Украина Куралдуу Күчтөрү Россияга жүздөн ашык учкучсуз түзүмдөрдү (дрондорду) учурду. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги Telegram-каналында билдирди.
Жалпысынан абадан коргонуу күчтөрү 104 дронду кармады. Украина Куралдуу Күчтөрүнүн чабуулуна Россиянын тогуз аймагы кабылды. Эң көп дрон же 47си Курск аймагында атып түшүрүлдү.
27 дрон Брянск облусунун, 11 – Смоленск облусунун, 7 – Тверь облусунун, 4 – Белгород облусунун, 3төн – Нижегород жана Калуга облустарынын үстүнөн жок кылынды. Ошондой эле бирден дрон Ленинград жана Ростов облустарынын аймагында кармалды.
28-январда, Украина Куралдуу Күчтөрү Россияга беш дрон учурган. Алар Белгород жана Брянск облустарын, Крымды бутага алууга аракет кылган. Учуучу түзүмдөр абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлдү.