Россиянын Тышкы иштер министрлиги Армениянын Москвадагы элчисин орус тарап достук эмес деп эсептеген айрым аракеттеринен кийин чакырды.
“Биз жакында эле Армения Республикасынын расмий чөйрөлөрүндө жана саясий элитасында ЖККУнун алкагында жана Россия менен эки тараптуу негизде союздаштык байланыштарды түзүүдө кандайдыр бир күмөн саноолорду байкадык”,-деп айтылат Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Расмий билдирүүдө ушул жагдайдын алкагында армян жетекчилиги, министрлик белгилегендей, акыркы күндөрү «достук эмес кадамдарга» барды. Анда анын ичинде: Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоо процессин баштоо. Өкмөт башчынын жубайы Анна Акопяндын Киевге гуманитардык жардам менен барышы. АКШнын катышуусу менен Армениянын аймагында аскердик машыгууларды өткөрүү.
Бул окуяларга байланыштуу Армениянын элчиси Вагаршак Арутюнян Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.