Украина АКШдан 20 миллиард долларлык насыянын алкагында биринчи траншты алды. Анын суммасы бир миллиард долларды түздү. Бул каражат Россиянын тоңдурулган активдеринин кирешелери менен камсыздалат. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль билдирди.
«Биз бардык активдер Украинаны калыбына келтирүүгө жумшалат деп үмүттөнөбүз»,-деди украин премьер-министри.
G7 өлкөлөрү июнь айында Украинага Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешелердин эсебинен 50 миллиард доллар бөлүүнү чечкен.
Украинадагы согуштук аракеттер башталгандан кийин Евробиримдик, Канада, АКШ жана Япония Россиянын 300 миллиард долларга жакын активдерин тоңдурушкан.