Кубанын жээктерине келген россиялык согуштук кемелердин арасында суу астында жүрүүчү атомдук кайык жана фрегат бар. Алар 17-июнга чейин болору күтүлүүдө. Россиянын Коргоо министрлиги «Адмирал Горшков» фрегаты жана «Казань» суу астындагы кайыгы заманбап курал-жарактарды, анын ичинде «Циркон» гиперүндүү ракеталарын алып жүрүүчүлөр экенин билдирди.
Америкалык расмий өкүлдөр жээктерге кемелердин келиши Украинадагы согуштун фонунда күч көрсөтүү болуп саналат деп ырастап, байкоо салып турганын билдирди. Аскер-деңиз флоту байкоо жүргүзүү үчүн деңиз учкучсуз учактарын колдонду. Гавана АКШнын Флорида штатынан 145 чакырым алыстыкта жайгашкан.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол курулушу августта башталат
Бей Июн 13 , 2024